Бишкекте таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу эрте жазда башталат

Бишкекте таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу эрте жазда башталат. Мэриянын маалыматына караганда, бул мезгилге капсула салуу пландалууда.   Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктоо стадиясында турат. Заводдун курулушу бир жарым жылга жакын убакытты алат.   Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кытайлык компания менен кол коюлган.

Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтөт

Бишкектеги көк бөрү боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.   Оюн 18-23-февраль күндөрү «Ак-Кула» ат майданында болот. Ага ар бир облустук аймактан бирден район катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Көк бөрү оюну боюнча райондор… Кененирээк…

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 980ден ашык маршрутка чыгарылды

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 980ден ашык маршрутка чыгарылды. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.   Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Эми бул тилкеде автобустар гана жүрө баштады.   Ошондой… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу борбордун башчысы Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 295 МВт түзүп, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.   “Бишкекжылуулуктармактары” ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө. ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн… Кененирээк…

Нарын облусундагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды

Нарын облусундагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   “Нива” үлгүсүндөгү унаалар “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумунун алкагында, милиция бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында берилген.

Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлдү

Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин иштеген ишинин 100 күндүк отчетунда айтылат. Анда министрлер кабинетинин чечими менен муниципалитетке абаны таза кармоо боюнча ыйгарым укуктар берилгени белгиленген.   Жаңы инспекция жашылдандыруу иштерин, санитардык нормаларды жана айлана-чөйрөнү коргоону көзөмөлдөйт.   Инспекторлор үчүн атайын… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Түркияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркия мамлекетине расмий сапар менен барды.   Аны Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.   Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров 10-12-февраль аралыгында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын XI жыйынына, Кыргыз-түрк бизнес форумуна… Кененирээк…

Ошто 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ош шаарынан 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ш. аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.   Билдирүү маалыматтарды каттоо… Кененирээк…

Элтон Джондун жеке буюмдары аукционго чыгарылды

Элтон Джондун жеке буюмдары аукционго чыгарылды. Арасында ырчынын көз айнеги жана Yamaha музыкалык инструменти бар. Ошондой эле анын күйөрмандары ырчынын костюмдарын, сахна реквизиттерин алса болот.   Аукцион  21-февралда өтөт. Бул күнү жалпысынан Элтон Джондун 50 жеке буюму сатыкка чыгат, баалары 1,5 миң доллардан башталат.

Баткенде суу кампасынын курулушу башталды

Баткенде суу кампасынын курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Кадамжай районунун Жетиген айылында жайгашат.   Алдын ала эсептөөлөр боюнча, курулушка 161 миллион сом сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда республикалык бюджеттен 6 миллион сом бөлүнүп, механикалык тазалоо иштери жүрүүдө. Топтолгон суулар үчүн суу кампасы… Кененирээк…