Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалалар Бельгиянын бир нече журналына чыкты

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалалар Бельгиянын бир нече журналына чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, «Кыргызстан – тоо сүйүүчүлөрүнүн жаңы багыты» аттуу макала бир нече жергиликтүү журналдарга жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды.

 

Аталган макала элчиликтин колдоосу менен Борбор Азиянын тарыхы жана географиясы боюнча адистешкен тарыхчы жана айлана-чөйрө боюнча эксперт, илимдин кандидаты Дейра Сойсал тарабынан жазылды.