Жеке мектептердеги кыргыз тилине мониторинг жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдөгү жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 21-февралдагы сессиясында айтты.

 

“Азыр буйрук даярдалып жатат. 199 жеке менчик мектеп бар. Ошол жердеги окуу пландарында белгиленген кыргыз тилин өтүү боюнча стандарттарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Ал эми жаңы окуу жылына карата кийинки буйрук кабыл алынат. Анда мектептин менчик түрүнө жана тилдик окуусуна карабастан 60% кыргыз класстары киргизилет”, — деди министр.

 

Министрдин маалыматында, өлкөдөгү 2116 мектептеги 752 миңдей окуучу кыргыз тилинде, аралаш же башка тилде билим алып жаткандардын саны 600 миңден ашат. Эки тилде (кыргыз, орус) билим берген мамлекеттик мектептердин саны 663, өзбек тилинде 26, тажик тилинде үч, орус тилинде 258, кыргыз тилинде 1415.

Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Министрлик 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери өтөрүн эскерткен.

 

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.