Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар консулдук кызматты тейлөө борборлорунан ала алышат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар консулдук кызматты тейлөө борборлорунан ала алышат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, пилоттук долбоор 1-марттан баштап ишке киргизилип, азырынча бир жылга созулат.

 

Жаңычылдык Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдуктары жок жерде жарандарга кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.

 

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Россияда тейлөө борборлорун ачуу маселеси боюнча иш алып барууда. Анын алкагында кызматтардын толук спектри көрсөтүлөт жана жарандарга консультация берүү үчүн 24 саат бою байланыш борбору иштейт.