Жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөт

Genius

Кыргызстандагы жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү буйрук даярдалып жатат. Ал эми жаңы окуу жылынан тарта мектептин менчик түрүнө жана тилдик окуусуна карабастан 60% кыргыз класстары киргизилет, — деди министр.

 

Белгиленгендей, өлкөдө 200дөй жеке менчик мектеп бар.