Кыймылсыз мүлкү сатуу жана сатып алуу процессин онлайн каттоо мүмкүн болот

Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлкү сатуу жана сатып алуу процессин онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашат. Бул тууралуу Novosti.kgге Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

 

“Азыркы пилоттук этапта батирлер гана онлайн катталат. Алгач жаран үйдүн ээси болушу керек. Андан кийин мүлк арестте болбошу шарт. Анан жаран “Түндүк” тиркемесин колдонуп, электрондук кол тамгасы болушу керек”.

 

Белгиленгендей, жалпысынан бул процесс 15 мүнөттү талап кылат. Эске салсак, Кыргызстанда былтыртан баштап унааны онлайн каттоо жеткиликтүү.