Бош жумуш орундар жарманкеси 20,4 миңден ашык жумушсузду камтыды

Үч жылдын ичинде бош жумуш орундардын жарманкелери 20,4 миңден ашык жумушсузду камтыды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

 

Министр белгилегендей, долбоор үч жыл аралыгында эмгек рыногунда заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө көмөк көрсөттү, калктын ар кандай топтору, анын ичинде майыптыгы бар адамдар, жаштар, айыл жергесинин аялдары жана кайтып келген мигранттар үчүн төрт жаңы кызмат иштелип чыкты жана ишке киргизилди.

 

Кызматты алгандардын жалпы саны 9 миң 769 адамды түздү.