3-5-апрель күндөрү Новопавловка айылында газ өчүрүлөт. «Бишкекгаздан» билдиришкендей, бул күндөрү жаңы абоненттерди газга кошуу боюнча өндүрүштүк иштер жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы жок болот: Абакан көчөсү, Сарыкулаков көчөсү, Красноводский тилкеси, Камчатская көчөсү, Алыкулов көчөсү, Ден Сяопин пр., Фрунзе көчөсү, Киров жана Ворошилов көчөлөрү.