Ноокат шаары көрктөндүрүлөт

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ноокат шаарын өзгөртүүнү көздөп жатат. Аталган мекемеден маалымдалгандай, облустук башкармалык Насирдин Исанов атындагы сейил багын жана көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы балдар аянтчаларын реконструкциялоо боюнча долбоор даярдаган.

 

Документ мэриянын кароосуна берилди. Ага ылайык, ошондой эле үйлөрдүн фасадынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, көчөлөрдөгү жарнактарды иретке келтирүү сунушталууда.