Кыргызстанда 1-июлдан тарта патент менен соода-сатык кылуу токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патент менен соода-сатык кылуу токтотулат.   Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей ишкерлер ага чейин салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Алсак, жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкага ылайык төлөнөт), бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын коюму жылдык… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо айттын так датасы айтылды

Кыргызстанда Орозо айттын так датасы айтылды. Муфтияттан кабарлашкандай майрам 10-апрелге белгиленди. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.   Ал эми Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет.   Эске салсак, Кыргызстанда Орозо 11-мартта башталган.

Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт

Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, долбоор Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашат.   Анын эскизи даяр болду. Чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн панорамалык аймак көрктөндүрүлүп, эс алууга бардык шарттар түзүлөт.

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү дагы узартылды.   Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Сот Биринчи май акимчилигинин “Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө” токтомун мыйзамдуу деп табуу боюнча арызын канааттандырган.   Ага ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу 30-июнга… Кененирээк…

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-майга чейин өткөн жылдын кирешеси боюнча отчетту физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.   Декларацияда кирешеден тышкары чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салык милдеттенмелери жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек.

Кыргызстанда насыя алгандар көбөйдү

Кыргызстанда насыя алгандар көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 740 миңге жакын адам кичи кредиттик компаниялардан 51 миллиард сом насыя алган.   Бул 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп.   Насыя алгандардын көбү Бишкек шаарында, андан кийин Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары турат. Кредиттердин 48… Кененирээк…

Үч округда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 42 адам арыз берди

Үч округда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 42 адам арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алууну токтотуп, талапкерлерди каттоо процессин баштаганын билдирди.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке Баткен, Кара-Суу жана Ош шайлоо округдарынан шайланган депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов Райым Матраимов… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырды.   Мыйзам долбоору бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоо үчүн каражатты мамлекеттик бюджеттен бөлүүнү шарттайт.   Эске салсак, буга чейин кабыл алынган мыйзам боюнча Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу эми ата-энелердин… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды

Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга Экономика министрлиги чыгарды.   Документке ылайык, отун атайын молекулярдык маркерлер менен белгиленип, анын бар жогун атайын жабдуулар менен гана текшерсе болот. Бул күйүүчү-майлоочу материал рыногунда таза иштөөнү камсыз кылып, мыйзамсыз ташып… Кененирээк…

Бишкекте ишембиликтин алкагында 270 тонна таштанды чыгарылды

Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Бишкектин бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ага жалпысынан 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден ашуун кызматкери катышты.   Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай түрдөгү 615 түп бдарак отургузулду. 61 атайын… Кененирээк…