Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга чукулдады

Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.   Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда… Кененирээк…

Азия чемпионаты-2024: Бүгүн кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат

«Бишкек-Арена» шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты уланууда. Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, бүгүн мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулуп, кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат.   Алар: — Тайырбек… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат

«Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдоп-түзөөнүн эскиздик долбоору аяктоо стадиясында турат.   Башкы аянтты реконструкциялоого байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.  

Президент иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Маалыматка ылайык, мамлекет башчы бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт

Бишкекте 22-25-апрель күндөрү салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Быйылкы жумалык салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналат.   Жумалыктын программасы менен бул жерден таанышууга болот.

Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу төмөнкүдөй болду:   Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң… Кененирээк…

Чүйдө аз камсыз 4 миң 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.   Парламенттен билдиришкендей, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тентишев жалпы 4 миң 200 үй-бүлөгө 1 каптан ун жана азык-түлүк салынган баштыктарды таратты.   Кайрымдуулук иш-чарасы калктын аярлуу катмарына кам көрүп, элдин ынтымагын бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду… Кененирээк…

Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык эки балбан коло утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкектеги Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.   Улукбек Жолдошбеков 65 килограммга чейинки салмакта өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми Алибек Осмонов 70 килограмм чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн болжол менен 250 млн доллар керектелет

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн болжол менен 250 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, сумманын 150 миллион доллары ЖЭБди реконструкциялоого жана модернизациялоого кетет, 21-отказанды калыбына келтирүүгө жана бешинчи турбогенераторду алмаштырууга болжол менен 100… Кененирээк…