Мохаммед Салах жайкы трансфер учурунда “Ливерпулдан” кетиши мүмкүн
Мохаммед Салах жайкы трансфер учурунда “Ливерпулдан” кетиши мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча египеттик футболчу Сауд Аравия клубуна которулат. Алсак, “Аль Иттихад” клубу Салахка сунуш киргизүүгө даяр. Форвард үчүн 82 миллион евро сунушталат. Эгер футболчу бул суммага макул болбосо, клубдун жетекчилиги айлыкты жогорулатууга макул.