Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон.

Финалдык беттешке чейин Тайырбек эки беттеш өткөрдү. Чейрек финалда ал Түндүк Кореядан келген балбан Кум Чой Рини 5:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Реза Атрини 11:7 эсебинде утуп, финалга чыккан.

24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет. 2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.