Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 кол медалга ээ болгон.

Байгелүү орундарга ээ болгондор:

  • Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын медаль;
  • Улукбек Жолдошбеков (65 кг) — күмүш;
  • Айаал Лазарев (125 кг) — күмүш;
  • Алибек Осмонов (70 кг) — коло.

Кыргызстан жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп, 3-орунду ээледи. Биринчи орунда 190 упай менен Иран, Япония 130 упай менен 2-орунду алды.