Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга тендер жарыяланды.
“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, кеп,
2020-2021 күзгү-кышкы жылуулук мезгили тууралу болуп жатат.
Тендердик документке ылайык, 1 миллиард 210 миллион сомго 336 миң тонна көмүр
сатып алынышы керек. Башкача айтканда кара отундун тоннасы 3 миң 600 сомдон чегерилмекчи.