25-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорттун бардык түрү ишин жанданат.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, уруксат калаа ичинде каттаганга гана берилди.
Коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталып, жүргүнчүлөр бет кап тагынышы керек.
Буга чейин автобус, троллейбустар 21-майдан тартып ишке чыкпай турганы маалым болгон.