Чүй облусунда коюлган посттордун саны кыскартылды.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда облустун аймагында 3 санитардык-карантиндик,
3 фильтрациялык пост иштеп жатат. Ошондой эле элдик кошуундар
тарабынан уюштурулган дагы 3 пост ишин улантууда.