Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок

Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Мигранттар алгоритмге ылайык, эки жолу кайталап анализ алынгандан кийин чыгарылды.

Ошондой эле обсервациядан чыккандарды жашаган регионуна жеткирүү үчүн атайын

транспорт уюштурулду. Ар биринин телефонуна тиркеме орнотулду, үй карантининде

көзөмөлгө алынат. Белгилеп кетсек, кечээ, “Семетей” обсервациясындагы

432 жаран үй карантинине чыгууну талап кылып, жаңжал чыгарышты.