28-майда Санкт-Петербургда өтө турган 2022 — жылдын Чемпиондор Лигасынын финалы Парижге жылдырылды

28-майда Санкт-Петербургда өтө турган 2022 — жылдын Чемпиондор Лигасынын финалы

Парижге жылдырылды. Бул тууралуу УЕФАнын сайтында жарыяланды. Мындай чечим уюмда

бүгүн кабыл алынды. Жыйынтыктоочу беттешти башка өлкөдө өткөрүү маселесин кароону

Европарламенттин депутаттары кечээ сунуштаган. Белгилеп кетсек, мындай чукул өзгөрүүлөр

Россия президенти Владимир Путин Украинага карата атайын аскердик

операция баштаганына байланыштуу болууда.