Бишкекте спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда

Бишкекте спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы спорт объекти “Чыгыш-5” кичи районунда курулуп жатат.

 

Планга ылайык, анда 3 спорттук зал, кийинип-чечинүүчү бөлмөлөр, кеңсе бөлмөлөрү жана санитардык жайлар орун алат. Анын айланасы дагы көрктөндүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 50 миллион сом.