Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча

Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин чейрек

финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо.

Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде

артта калтырды. Чейрек финалда Медет кызы россиялык балбан Екатерина Букина менен

күрөшөт. Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү

боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.