Ордо калаада эки-төрт жылдын ичинде жаңы футболдук стадион пайда болот

Ордо калаада эки-төрт жылдын ичинде жаңы футболдук стадион пайда болот.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков билдирди.

 

Анын айтымында, азыр ыңгайлуу жер тилкеси каралууда.

 

Болжолдуу түрдө стадион Түштүк магистраль тарапта жайгашат.

 

Долбоорду ишке ашыруу каржы маселесинин чечилишине жараша болот.