Саламаттыкты сактоо министрлиги кышкы каникулду узартууну сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы эс алуусун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы бул маселени мекемелер аралык коммиссия карап жатканын, чечим 10-январга чейин кабыл алынарын маалымдады.

 

8-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катаал аба ырайына байланыштуу мектептерди онлайн окууга убактылуу өткөрүп турууну билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго сунуштаганын Твиттерге жазган.

 

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20… -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Билим берүү министрлиги ошондой эле бала бакчалар 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгарын билдирди.