Адистер кенеден сактануу жолдорун айтып беришти

Адистер кенеден сактануу жолдорун айтып беришти.

РИА Новости жарыялаган коопсуздук чараларына ылайык, кенеден сактаныш үчүн жазында

жаратылышка чыкканда ачык түстөгү кийим кийип, денени жабуу керек. Андан тышкары,

багелекти байпакка киргизип алуу зарыл. Мүмкүн болсо кенеге каршы чыгарылган аэрозоль

ала жүргөн пайдалуу. Кене чагып алган жерге спирт же йод сүрүп кою шарт. Белгилеп кетсек,

кене жазында абанын табы 10 градустан жогорулаганда жандана баштайт.

Өлкөнүн түштүгүндө кене чагуу коркунучу марттын аягы, апрелдин башында,

түндүктө апрелдин ортосу, майдын башында күч алат.