Чаптама кирпик көздүн айланасындагы ар кандай ооруларды козгоп, аллергияны пайда кылат

Дарыгерлер чаптама кирпик көздүн айланасындагы ар кандай ооруларды козгоп,

аллергияны пайда кыларын эскертишет. Россиялык офтальмолог Татьяна Шилова түшүндүргөндөй,

көздүн чел кабыгы жабыркаганда инфекция бат кирет. Ошондой эле кератит же сезгенүү пайда болушу ыктымал.

Анын ортосунда адис белгилегендей, жасалма кирпиктин бардык түрү зыян. Көздөн тышкары кирпиктин

өзү да жабыркап, фоликуласы бузулат. Түшүп, мурдагыдай өспөй калышы дагы мүмкүн, — деп кошумчалады дарыгер.