Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту

Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту.

Бул тууралуу “Акипресс” жазат. Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин

кызматкерлери “карантин” деген тактайча илип балдарды кабыл алышкан эмес.

Муну мэриянын Билим берүү башкармалыгы тастыктады. Анда кызматкерлердин санын көбөйтүү

иштерине байланыштуу  аталган бакча иштеген жок деп түшүндүрүштү башкармалыктан.

Мекеме эртеңден баштап кадимки иш тартибинде балдарды кабыл ала баштайт.