Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды

Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды.

Эки кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Учурда жаңы бакчага 80 бөбөк кабыл алынды.

Мындан тышкары, анда мектепке чейинки даярдоо курсун орус тилинде ачуу пландалып жатат.

Курулуш иштерине жумшалган каражатты жеке ишкер бөлүп берди.

Эске салсак, буга чейин Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына

кыргызстандык мигрант 180 орундуу мектеп куруп берген.