31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт

31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген машинелердин бажы төлөмү дээрлик 10 эсе  көбөйөт.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Экономика министрлиги жеңил тарифтер боюнча мөөнөттү узартуу суранычы менен Евразия экономикалык комиссиясына кайрылган. Бирок, андан майнап чыккан эмес. Жаңы эрежелер 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.