Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов дарылануусун Кыргызстанда улантат

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов дарылануусун Кыргызстанда улантат. 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, Курманкуловдун абалы жакшы.

 

Ал  Бишкекке келгенде коронавируска анализ тапшырып, андан соң обсервацияга жаткырылат. Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Самат Курманкулов катуу жараат алып, Москвада дарыланып жаткан.