Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек

Жүк ташуучу унаалар чынжырчалары жок жүрбөшү керек. Бул тууралуу  Унаа жана жолдор министрлиги эскертет. Белгилеп кетсек, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу унааларга дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат.

 

Талаптын аткарылышына көзөмөл өзгөчө Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассаларында жүргүзүлөт. Кошумчаласак, республиканын басымдуу аймагында жакынкы күндөрү кар жаайт.