Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн жарыяланган тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алган.

 

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.