Лейлекте 100 тоннадан ашык ун таркатылды

Лейлек районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылууну колго алган ишкерлер муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражат таратып, акчалай жардам көрсөтүүдө. Жардам жергиликтүү бийлик органдары менен бирге, калктын аялуу катмарына даректүү жеткирилүүдө.

 

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

 

5-апрелге карата райондо жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпысынан 102,2 тонна ун, 6655 литр өсүмдүк майы, 2270 кг макарон жана башка негизги азык-түлүк менен кошо 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү.