74 миң кыргызстандыкка Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын билдирди.

Россиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Россияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт.

 

Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеге” киргизилген Россиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Же соттун чечимине даттанууга негиздер болсо сотко кайрылууну сунуштады.

 

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Россияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон көп экени айтылып келет.