Россия Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмүн 100 миңден 150 миң рублга чейин көбөйттү

Россия Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмүн 100 миңден 150 миң рублга чейин көбөйттү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Евразия экономикалык кеңешмесинин макулдашуусунан кийин төлөм системаларынын биринде Кыргызстанга акча которуунун шарттары өзгөртүлдү.

 

Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтер жок которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт.

 

Эске салсак, быйыл апрелде Россиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизилген. Буга байланыштуу мигранттар арасында жана Кыргызстандагы ишкерлерде нааразылыктар жаралган.