Башка өлкөлөрдөгү Кыргызстан жарандары арасында вируска чалдыккандар жок

Башка өлкөлөрдөгү Кыргызстан жарандары арасында вируска чалдыккандар жок.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда,

учурда вирус дүйнөнүн 90го жакын өлкөсүндө катталды. Эпидемиологиялык

абалы жакшы эмес өлкөлөрдөн келгенин жашырып, өлкө чек арасынан

ID-карта менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар мыйзам чегинде

жоопко тартылышы мүмкүн. Ал эми өлкөдө коронавирус катталган жок.

Учурда медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер,

тез жардам жана башка ыкчам кызматтар күнү-түнү нөөмөт менен иштеп жатат.