Кыргызстандык мигранттар эми ЕАЭБ мамлекеттеринде пенсия ала алат

Кыргызстандык мигранттар эми ЕАЭБ мамлекеттеринде пенсия ала алат. Бирикменин курамына кирген өлкөлөрдо эмгектенгендердин пенсиялык камсыздоосу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

 

Эгер кыргызстандык Евразиялык экономикалык бирикмедеги мамлекеттердин биринде мыйзам чегинде иштеп, бардык камсыздоо төлөмдөрүн өз убагында төлөп жүрсө, ал пенсия курагына жеткенде Кыргызстандыкындай эле шарттар менен ошол өлкөдө дагы пенсияга чыга алат.

 

Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан макулдашуу 2019-жылы жетишилген.