Ошто Кайгуул кызматына талапкерлерди тандоонун экинчи туру өтүп жатат

Ошто Кайгуул кызматына талапкерлерди тандоонун экинчи туру өтүп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 397 адамдан арыз кабыл алынса, анын 243ү катардагы жарандар.

 

205 талапкер тестирлөөгө катышып, 172 адам аны ийгиликтүү тапшырды. Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы алгач Бишкекте ачылып, быйыл Ошто иштеп баштады.