Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду


Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 6-майда кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына 5-майда курал колдонушкан.

Натыйжада 1974-жылы, 1998-жылы жана 2000-жылы туулган үч жаран жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Алар эсине келбей, алган жарааттан улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты.

Окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.