Өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы жарандар жанына маршруттук кагаз менен жүрүшү керек. Коменданттык саат учурунда сыртка чыгууга аргасыз болгондор жанында өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана толтурулган анкета керек.
Анда аты-жөнү, телефон номуру, үйдөн чыккан себеби, чыккан убактысы, кайткан убактысы, жашаган жери, бара турган жери боюнча маалымат колго толтурулган болуусу шарт. Белгилеп кетсек, Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.