Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу маалы менен жабылат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып 16-апрелге чейин
трассанын 117-118-чакырымдарында таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймылга чектөөлөр киргизилет.
Тагыраагы, таңкы саат 9дан 3кө чейин жолдун бир багыты жабык болот.
Андан улам, айдоочуларга каттамдарды алдын-ала түзүп алуу сунушталат.