Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дагы алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дагы алтын медалга ээ болду.

Акматалиев 65 килограмм салмакта күч сынашып, ирандык спортчуну 15:13 эсебинде утуп алды.

Ал буга чейин жарым финалда өзбекстандык балбан менен кез келсе, чейрек финалда түркмөн

атлетин жеңип алган. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия квалификациялык турнир

Алматыда өтүп жатат. Анда финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.

Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана

Айпери Медет кызы бул мелдеште чемпион аталып, алтын медаль тагынышкан.