Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эл аралык маанидеги жана ички жолдордо аба-ырайына байланыштуу чектөөлөр киргизилген жок.

 

Бишкек-Ош трассасында жолчулар тынбай иштеп, карды тазалап жатышат. Иштер ошондой эле, Талас-Тараз-Суусамыр жолунда жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын топтору кооптуу тилкелерде нөөмөт жүргүзүүсүн улантып жатат.