Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүү коркунучу бар.
Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан эскертишти.
22-апрелге чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги
райондорунда суунун деңгээли жогорулап, сел капташы күтүлөт.
Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.