Кыргызстандын аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 10-11-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. Андан улам,
тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Жарандарга этият болуу сунушталат.