Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Раззаков каттамы токтотулду

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Раззаков каттамы токтотулду. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ал эми “Ош” аба майданында каттамдар калыбына келтирилди.

 

Эртең менен коюу туманга байланыштуу түштүк калаа аэропортунда бир тор каттам кармалып турган. Алар Ош – Жуковский, Ош- Санкт-Петербург каттамдары. Ошондой эле Ош аба майданына коно турган Стамбул — Ош, Москва – Ош учактары “Манас” аэропортуна конгон.