Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнда аткарылат

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнда аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.

 

Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.