Бишкектеги коммерциялык объектилер электр энергиясын туура колдонууга текшерилип жатат

Бишкектеги коммерциялык объектилер электр энергиясын туура колдонууга текшерилип жатат. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, айрым кафелер ички жана сырткы жарыкты күндүз өчүрбөй жүргөнү аныкталды.

 

Ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунуштары берилди.

 

Энергетиктер шаар тургундарына бир учурда бир нече чоң электр жабдууларын иштетпеш керектигин эскертет. Суукка байланыштуу электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү кескин көбөйүп, жабдууларга күч келип жаткандыгы белгиленди.