Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Эске салсак, «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген.

 

Бирок көп өтпөй техникалык маселелерге байланыштуу жабылып калып, өткөн жылы анда модернизациялоо иштери башталган.