Эртең Бишкектин үч конушунча таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, 29-февралда, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр суу дарбазаларында жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Аталган конуштардын тургундарына сууну запастап алуу сунушталат.