Адамдын психикалык абалын жакшырткан азыктар аталды

Адамдын психикалык абалын жакшырткан азыктар аталды.

Бул тууралуу АКШнын Аризон штатындагы Майо клиникасынын

адистери билдиришти. Дарыгерлер маанай көтөрөм дегендер тамак

рационуна буурчак, балык, жаңгак, брокколи, шпинат жана жумуртка

кошууга кеңеш берди. Майлуу балыктардагы омега-3 кислотасы

депрессиядан арылтып, бактылуулук гормондору серотонин менен

дофаминди бөлүп чыгарат. Буурчак, жаңгак жана жумуртканын курамындагы

аминокислоталар менен триптофан уйку режимин нормалдаштырып,

адамдын сергек болушуна жардам берет.